Бишкектин айрым аймактарында жаратылыш газы өчүрүлөт
Бишкек шаарынын айрым тилкелеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек газ" кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, "Бишкекгаз" шаардык газ кызматы ушул жылдын 27-сентябрынан 28-сентябрына чейин жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө байланыштуу пландык-оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Ага ылайык, №218 газды жөнгө салуу пунктунда (ШГРП № 218) жабдууларды алмаштырууга байланыштуу Киев көчөсү, 155, 157; Үмөталиев көчөсү, 86; Пушкин көчөсү, Турусбеков көчөсү боюнча жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
"Бишкекгаз" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.
Негизги максатыбыз – газ бөлүштүрүүчү тармактарды алдыдагы күз-кыш мезгилинде коопсуз жана туруктуу эксплуатациялоого даярдоо", - деп айтылат маалыматта.



