Жалал-Абад ОИИБинде бош кызмат орундарына конкурс жарыяланды
Жалал-Абад ОИИБи бош кызмат орундарына конкурс жарыялайт. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунун ички иштер башкармалыгы шаар жана райондук ички иштер бөлүмдөрүндөгү катардагы курамынын бош (вакант) кызмат орундарын ээлөөгө конкурс жарыялаган.
"Конкурска “Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө” мыйзамда белгиленген укук коргоо органдарына кызматка кабыл алуунун жана кызмат өтөөнүн шарттарына жана квалификациялык талаптарына жооп берген 19 жашка толгон жана 30 жашка чейинки курактагы жарандар катыша алат", - деп айтылат маалыматта.
Тиешелүү документтер 2023-жылдын 26-сентябрынан 16-октябрына чейин кабыл алынат.
Конкурска катышуу үчүн талапкерлер тийиштүү документтердин тизмегин алуу үчүн жана суроолор боюнча Жалал-Абад ОИИБдин Кадрлар бөлүмүнө кайрылса болот.
Байланыш телефону: (0322) 77-02-81.
