super.kg logo

Айбек Жунушалиев ИИМде күбө катары маалымат берип чыкты

 

Президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы Айбек Жунушалиев Ички иштер министрлигине күбө катары маалымат берди. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда президенттин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын башчысы Дайырбек Орунбеков билдирди.

Кечээ, 25-сентябрда жергиликтүү басылмаларда Жунушалиевдин суракка чакырганы боюнча маалыматтар тараган. Анда чет элдик инвесторлордон акча каражатын талап кылып камалгандардын ишине байланыштуу сурак бергени айтылган. Орунбековдун айтымына караганда, Жунушалиев суракка алынган эмес, ал күбө катары маалымат берген.

Эске салсак, кечээ президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасында ишкер адам жогорку кызматтагы адамдар менен байланышы бар экенин айтып, инвесторлордон акча талап кылганын маалымдаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: