super.kg logo

Бишкекте үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун ишмердүүлүгү текшерилди

 

Борбор калаада үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун ишмердүүлүгү текшерилди. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, кызамык жана кызылча ооруларын алдын алуунун алкагында үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда профилактикалык эмдөөлөр жүргүзүлүүдө.

Ага ылайык, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Айнура Арстамбекова №7 балдар борборунда болуп, эмдөө бөлмөсүн көрүп чыгып, ата-энелер менен баарлашты.

"Ошондой эле медайымдар балдарды эмдөө боюнча маалыматтык кампанияларды үзгүлтүксүз жүргүзүп жатышканын билдирди.

Мындан тышкары, Айнура Арстамбекова массаж бөлмөсүндөгү полду төшөө, оңдоо иштеринин жүрүшү, ишти өз убагында жана сапаттуу бүткөрүү боюнча подрядчынын көрсөтмөлөрү менен таанышты", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: