super.kg logo

"Базарларда опузалап акча талап кылган". Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды (видео)

 

Уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 26-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК тарабынан “Дордой” соода-базары комплексинин (СБК “Дордой”) аймагында опузалап акча каражатын талап кылуу жана мыйзамсыз өндүрүп алуу боюнча кылмышка шектүү катары Н.А.Ж. аттуу жаран аныкталып, кармалды.

Ага ылайык, Н.А.Ж. “Дордой” соода борборунан, Ош шаарынын, Кара-Суу районунун жана Өзбекстандын базарларына оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан үзгүлтүксүз акча талап кылуунун мыйзамсыз механизмин уюштурганы аныкталды.

"Жүргүзүлгөн атайын иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Н.А.Ж. кезектеги мыйзамсыз акча чогултуу учурунда кармалган.

Мындан тышкары, Н.А.Ж.дын жашаган жеринде тинтүү учурунда каттоодон өтпөгөн мергенчилик мылтыгы (араланган сайлуу мылтык), атылбас курал жана диний адабияттар табылган", - деп айтылат маалыматта.

Шектүү Н.А.Ж. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда иштин башка жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






"Базарларда опузалап акча талап кылган". Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: