super.kg logo

Адахан Мадумаровдун абалы начарлап, УКМКнын ооруканасында текшерилүүдө

 

Жогорку Кеңештин камакка алынган депутаты Адахан Мадумаровдун абалы начарлап, УКМКнын ооруканасында текшерүүдөн өтүп жатат. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына адвокаты Майрамбек Жумабеков тастыктады.

Анын айтымында, Адахан Мадумаров бүгүн, 26-сентябрда ден соолугу начарлап, УКМКнын медициналык мекемесинде текшерилип жатат. Ал негизинен кант диабети жана жүрөк оорусу менен ооруйт.

"Бүгүн, 26-сентябрда Адахан Кимсанбаевичтин ден соолугу начарлап, ооруканага жеткирилди. Ал кант диабети жана жүрөк оорусу менен ооруйт. Учурда ал текшерүүдөн өтүп жатат. Аны бул оорулары менен камакка алууга болбойт болчу. Буга чейин да "Тез жардам" кызматы чакыртылган. Негизи эле ал бат-баттан текшерүүдөн өтүп турат. Азыр абалы жакшы. Текшерилип жатат", - деп билдирди Жумабеков.

Эске салсак, 2-сентябрда эл өкүлү Адахан Мадумаров ИИМдин кызматкерлери тарабынан кармалган. Ушул эле күнү ага карата Бишкектин Биринчи Май райондук соту тарабынан 24-октябрга чейин камакка алуу чечими кабыл алынган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: