super.kg logo

Ошто унга болгон бааны жөнгө салуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт

 

Ош шаарында жергиликтүү унга болгон бааны жөнгө салуу боюнча жер-жерлерде түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Ош шаарынын мэриясында өткөн жумушчу жыйында айтылды.

Жыйындын жүрүшүндө жергиликтүү жана импорттолгон ундун азыркы баасы боюнча маселе талкууланып, бир нече ой-пикирлер айтылып, сунуштар берилди.

Мындан сырткары, атайын жумушчу топ тарабынан шаардын жети аймагында, жергиликтүү өндүрүлгөн унга болгон бааны көзөмөлдөө максатында шаар тургундары, ун өндүрүүчүлөр жана сатуучулар арасында түшүндүрүү иштерин алып баруу боюнча тапшырма берилди.

Жыйынга Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыров, Экономика жана финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин төрагасынын орун басары Айбек Мамыралиев, муниципалдык аймактык башкармалыктардын, борбордук базардын жетекчилиги катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: