Кыргызстандык мушкерлер Эл аралык мелдеште 3 медаль тагынышты
Бокс боюнча Кыргызстан жаштар курама командасы Казакстанда өткөн жаштар арасындагы Эл аралык мелдеште 3 медаль тагынышты. Бул тууралуу 14-декабрда аталган спорт түрү боюнча федерациядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 64 килограмм салмакта Ыктияр Шабданбеков күмүш медаль утса, кыздар арасында Уркуя Эшмамбет кызы (69 килограмм салмакта) менен Бегимжан Касымова (80 кг) күмүш медаль тагынышты.
Эске салсак, мелдеш Казакстандын Эмгек сиңирген машыктыруучусу Менгерей Хайрутдиновдун жаркын элесине арналып, ага Кыргызстан, Казакстан, Азербайжан, Орусия, Куба, Өзбекстан жана Түштүк Корея мамлекеттери катышкан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.