super.kg logo

Баткенде энергетиктер үчүн жаңы имарат салынууда

 
Баткен жана Сүлүктү шаарларында энергетиктер үчүне жаңы имарат салынууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.
Маалымдалгандай, Энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Баткен облусунда жумушчу сапары менен болуп, Баткен жана Сүлүктү шаарларында энергетиктер үчүн жаңы салынып жаткан имараттын курулушуна капсула салды.
Ага ылайык, иш чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жогорку Кеңештин депутаты Чыңгыз Ажибеков жана бир канча жетекчилер катышты.
"Баткен шаарында салынып жаткан Баткен электр тармактар ишканасынын имаратынын жалпы сметалык баасы 221 миллион сомду түзсө, ал эми Сүлүктү шаарындагы Сүлүктү райондук электр тармактар ишканасынын имаратынын курулушунун жалпы сметалык баасы 56 миллион сомду түздү.
Аталган акча каражаты "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ачык акционердик коомунун жеке бюжетинен каржыланып, 2024-жылдын биринчи кварталында курулуштун биринчи этабын бүткөрүү пландалууда", - деп айтылат маалыматта.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: