Мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды
Өлкөдө мамлекеттик тилдин үч айлыгы жарыяланды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.
Маалымдалгандай, 18-декабрга чейин “Кыргыз тили жана Айтматов ааламы” аталышындагы мамлекеттик тилдин үч айлыгын жарыялоо тууралуу министрликтин чечими чыкты.
Анын алкагында министрликке караштуу бардык мекемелерде иш кагаздарын конституциялык мыйзамга ылайык мамлекеттик тилде жүргүзүү боюнча иштер жүрөт.
"Ошондой эле улуттук үрп-адат, каада-салттарга байланыштуу көргөзмөлөрдү уюштурат. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларынын негизинде мамлекеттик тилдеги спектаклдер коюлуп, көркөм, даректүү тасмаларды кинотеатрларда көрсөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Мындан сырткары, көркөм окуулар жана кыргыз китептеринин көргөзмөлөрү өтөрү айтылды.
