Финансы министрлиги: "Былтыр Кумтөрдөн 17,5 тонна алтын казылды"
Былтыр "Кумтөрдөн" 17,5 тонна алтын казылды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Финансы министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 986,5 миллион доллар өлчөмүндө киреше алган, ишкананын отчёттук мезгилдеги таза кирешеси 371,7 миллион долларга жеткен. Бул 2021-жылга салыштырмалуу өсүү темпи 108,9 пайызды түзөт.
Өткөн жылы ишкана өлкө бюджетине салык, Социалдык фондго которуулар жана башка милдеттүү төлөмдөрү 385 миллион долларды түзгөн.
Салык төлөмдөрүнөн тышкары, Кумтөр төмөнкүдөй милдеттүү төлөмдөрдү жүргүзгөн:
- социалдык төлөмдөр;
- айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр;
- суу ресурстарын пайдалангандыгы үчүн төлөм;
- айлана-чөйрөнү булгоо үчүн төлөмдөр;
- ошондой эле Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонду сыяктуу фонддорго төлөмдөр;
- "Теңир-Тоо" Нарын облусун өнүктүрүү фонду;
- Аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фонду;
- Жаратылышты өнүктүрүү фонду жана башкалар.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
10:37
2025-06-30
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.