super.kg logo

"Кумтөр Голд Компани" ишканасы : "Каржы министрлигинин өкүлү айткан маалымат так эмес"

 

Каржы министрлигинин өкүлү айткан маалыматта бир катар так эместиктер бар. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда "Кумтөр Голд Компани" ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин отурумунда Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелерди болжолдоо башкармалыгынын жетекчиси Алмазбек Кочкоров "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча бир катар так эмес маалыматтарды бергени белгиленет.

Ага ылайык, "Кумтөр Голд Компани" жабык акционердик коому 2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишинин жыйынтыктары тууралуу төмөнкүлөрдү билдирет.

"2022-жылы "Кумтөр Голд Компани" тарабынан 15 миң 900 килограмм алтын өндүрүлгөн эмес, 17 миң 305 килограмм алтын өндүрүлгөн.

2022-жылдын жыйынтыгы боюнча ишкана 986,5 миллион доллар өлчөмүндө киреше алган. Ишкананын отчёттук мезгилдеги таза кирешеси 371,7 миллион долларга жеткен. Ал эми парламенттин отурумунда билдирилгендей 385 миллион доллар эмес.

Өткөн жылы ишкананын өлкөнүн бюджетине салыктар, Социалдык фондуна которуулар жана 2009-жылдагы кайра каралган инвестициялык макулдашууда каралган башка милдеттүү төлөмдөр 387,7 миллион долларды (32,2 млрд сом) эмес, 385 миллион долларды түзгөн" деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: