super.kg logo

Нью-Йорк соту Трампты алдамчылык боюнча күнөөлүү деп тапты

 

Нью-Йорктун соту АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп менен анын уулдарын алдамчылыкка күнөөлүү деп тапты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, сот аларды 10 жылдай убакыт бою жалган каржылык отчёт бергенин билдирген. Трамптын уюму камсыздандыруучулар жана банктар үчүн активдердин баасын жогорулатып жиберген.

Чечим Нью-Йорк штатынын башкы прокурору Летития Жеймстин петициясынын негизинде кабыл алынган. Жеймстин кеңсеси Трамп уюмун 2019-жылы президенттин мурдагы жактоочусу Майкл Коэн Конгресстеги угууда көрсөтмө бергенден кийин иликтей баштаган.

Прокурорлордун айтымында, активдердин баасы 2,2 миллиард долларга жогорулап, 3,6 миллиард долларга жеткен.

Нью-Йорк штатынын прокуратурасы Трамптан 250 миллион доллар айып пул төлөөнү жана аталган шаарда бизнес жүргүзүүгө тыюу салууну талап кылган. Өз кезегинде Трамп бул айыптоолорду четке каккан, ал эми анын жактоочулары ишти кыскартууну талап кылышкан.

Иштин маңызы боюнча сот кийинки аптада башталат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: