"Бир дагы аял жок". Облус, район жана шаар жетекчилеринин баары эркектер экени айтылды
Бүгүн, 27-сентябрдагы Жогорку Кенештин жыйынында “Эркектер менен аялдар үчүн бирдей укуктар менен бирдей мүмкүнчүлүктөрдүн мамлекеттик кепилдиктери жөнүндө” мыйзам долбоору каралды. Аталган маселе бир катар депутаттардын каршы пикиринен улам күн тартибинен алынды.
Министрлер кабинетинин төрагасы тарабынан демилгеленген мыйзам долбоорун эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев тааныштырды.
Депутат Акбөкөн Таштанбеков жыйында өлкөдө канча аял губернатор же аким бар экенин сурады. Бирок облус, район, жетекчилеринин жана мэрлердин арасында бир дагы аял киши жок экени белгилүү болду. Ошондой эле Ички иштер министрлигинин жетекчилик кызматында да аял киши жок экени аныкталды.
Ал эми канча аял кишинин айыл өкмөттү жетектеп жатканы боюнча так маалымат жок экени айтылды.
Жыйынтыгында, депутаттардын көпчүлүгү мыйзам долбоору чийки экенин, ал аялдардын укуктарын коргобой турганын айтышып, мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгуу керектигин белгилешти.
Акбөкөн Таштанбеков



