super.kg logo

Камчыбек Ташиев Кымбат Кубанычбек кызына акчалай жардам көрсөттү

 

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Кубанычбек кызы Кымбат менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев оор турмуштук кырдаалга туш болгон жарандардын көйгөйлөрүн чечүү боюнча жүргүзүлүп жаткан жигердүү иштердин алкагында Кубанычбек кызы Кымбат аттуу жаран менен жолугушту.

"Кубанычбек кызы Кымбат жети жашына чейин апасынын колунда, атасыз чоңойгон. Бала кезинде апасы менен Бишкекте жана Казахстанда күн кечирип келишкен. Аны апасы 7 жашында Сокулук айылындагы баласы жок үй-бүлөгө асырап алганга таштап кеткен. Ал жерде 2011-жылга чейин ата-энеси жок он чакты өзү курактуу балдар, кыздар менен чогуу тарбияланган. 2011-2023-жылдары Казакстанда ар кандай жумуштарда иштеген. Чогуу тарбияланган жигитке турмушка чыгып, 3 балалуу болушкан. Жолдошунун кургак учук илдетинин жугуштуу түрү менен ооруп калгандыгына байланыштуу ушул жылдын июнь айында Кыргызстанга кайтып келишкен. Август айынын башында жолдошу каза болгон. Учурда ал Киев жана Уметалиев көчөлөрүнүн кесилишинде убактылуу жашап, финансылык кыйынчылыктарды башынан өткөрүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ага ылайык, Камчыбек Ташиев Кымбат Кубанычбек кызынын маселелерин чечүүгө жардам берерин убада кылып, ага материалдык жардам көрсөттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: