Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы текшерилди
Бишкек ЖЭБдин күз-кыш мезгилине карата даярдыгы текшерилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалымдалгандай, бүгүн, 27-сентябрда энергетика министринин орун басары Талайбек Байгазиев Бишкек ЖЭБинин жетекчилиги менен кеңешме өткөрдү. Анын жүрүшүндө жылуулук электр борборунун 2023-2024-жылдардагы күз-кыш мезгилине карата даярдыгы боюнча маселелер талкууланып, буу казандарын кышка даярдоо иштеринин көлөмү аныкталды.
Атап айтканда, буу казандарын, турбиналык, көмөкчү жабдууларды даярдоо каралып, резервге чыгаруунун мөөнөттөрү белгиленди, бүтүндөй жылытуу мезгилине кубаттуулукту берүүнүн пландары, графиктери аныкталды. Ошондой эле оңдоо иштерин тездетүү боюнча иш-чаралар белгиленди.
Министрдин орун басары белгилегендей, кыштан ийгиликтүү өтүүгө даярдык көрүү боюнча иш-чаралар убагында аткарылып, бардык оңдоо иштери бекитилген графиктерге ылайык бүткөрүлүшү керек. ⠀
