Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо борборунун клиникалык төрөт үйүнө барды





Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнө барды. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда аталган министрликтен билдиришти.
Маалым болгондой, министр Алымкадыр Бейшеналиев Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун клиникалык төрөт үйүнөн кабар алды. Анда ал оорукананын бөлүмдөрүн кыдырып, кош бойлуу аялдарга, төрөт учурундагы жана төрөттөн кийинки аялдарга медициналык жардам көрсөтүүнүн сапаты менен таанышты.
Ошондой эле, министр Германия өнүктүрүү банкынын (KFW) гранттык каражаттарынын эсебинен курулуп жаткан жаңы перинаталдык борбордун имаратынын курулушунун жүрүшүн да көрдү.
Мындан тышкары ал өлкөдө энелерге жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга сапаттуу жардам көрсөтүү үчүн перинаталдык борборлорду, балдар ооруканаларын, төрөт үйлөрүн куруу, алардагы медициналык кызматтын сапатын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгиледи.
"Перинаталдык борбор 203 орунга ылайыкташып, эл аралык стандарттарды эске алуу менен курулган. Бүгүнкү күндө жаңы жогорку технологиялык медициналык жабдууларды сатып алуу жана жеткирүү боюнча тендердик процедуралар жүрүп жатат. Борбор ушул жылдын аягына чейин пайдаланууга берилээри күтүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.



