super.kg logo

"Бишкек жашыл чарба" ишканасы жашылдандыруу иштерин улантууда 

 

"Бишкек жашыл чарба" муниципалдык ишканасы шаарды штаттык режимде тейлөөнү улантууда. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, учурда жашылдандыруучулар Жаш Гвардия бульвары, Турусбеков, Жукеев-Пудовкин көчөлөрү, Чүй жана Жибек-Жолу проспектилери, Фере, Горький, 7-апрель, Чолпон-Ата көчөлөрү, ошондой эле борбор калаанын кичи райондору менен конуштарында газондорду отоо чөптөрдөн тазалап жатышат.

Ошол эле учурда Байтик-Баатыр, Сүйөркулов, Пушкин көчөлөрүнүн боюндагы, Жеңиш аянтындагы бир жылдык гүлзарларды чөптөрдөн тазалоо иштерин өткөрүүдө.

"Жашыл көчөттөрдү арык жолу жана атайын техниканын жардамы менен сугаруу Чүй проспектиси, 7-апрель, Тынчтык проспектиси, Манас проспектисинде, №4 шаардык оорукананын скверинде, театралдык скверде, Ата-Түрк паркы, "Ынтымак" 1,2 жана башка жерлерде жүргүзүлдү. Ага ылайык, Манас проспектисинде азыр 200 ийне жалбырактуу туй отургузулду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: