super.kg logo

Кара-Суунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчанын курулушу аяктады

 

Кара-Суу районунун Жапалак айылындагы 75 орундуу бала бакчанын курулушу бүттү. Бул тууралуу бүгүн, 27-сентябрда Мамлекеттик курулуш агенттигинин жетекчиси Мырзабек Жыпаркулов билдирди.

Маалым болгондой, Ош облусунун Кара-Суу районунун Жапалак айылында 75 орундуу бала бакчаны куруу иштери 2022-жылы башталган.

Бүгүнкү күнгө карата 705,0 чарчы метр аянтындагы бала бакчанын имараты бүткөрүлүп, эмеректер жана жабдуулар коюлду.

"Бала бакчада санитардык нормаларды сактоо үчүн жана билим берүү программаларына ылайыкталган бардык шарттар каралган: сабактарды жана оюндарды өткөрүүчү бөлмөлөр, уктоочу бөлмөлөр, кийим алмаштыруучу жайлар, ашкана, буфет, жашылча-жемиштерди жана кургак азыктарды сактоочу бөлмөлөр, санитардык түйүндөр. Андан тышкары музыкалык сабактар бөлмөсү жана медициналык кабинет бар. Бала бакчанын аймагында балдар үчүн оюн аянтчалары курулду", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: