super.kg logo
  Саясат  

"Кооперативдер динди жамынып тозокко алып баратат". Маматалиев диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салууну сунуштады

 

Бүгүн, 27-сентябрда Жогорку Кеңештин жыйынында “Кооперативдер жөнүндөгү” мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр экинчи окууда каралып, жактырылды.

Мыйзам долбоору Министрлер кабинети тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков белгилегендей, “Кооперативдер жөнүндөгү” мыйзам 2004-жылы кабыл алынып, мыйзам иштеп жаткан 18 жыл аралыгында 6 жолу өзгөртүү киргизилген. Бүгүнкү күндө турак жай-курулуш кооперативдерине кошулуу аркылуу кыймылсыз мүлккө ээ болуу ыкмасы активдүү жайылууда.

Турак-жай курулуш кооперативдерине акчаларын салып, бирок жарандар акчасынан да ажырап, мүлксүз да калышкан учурлар арбын. Андыктан кырдаалды эске алуу менен бул мыйзам долбоору иштелип чыкты” - деди министрдин орун басары.

Талкуу маалында депутат Марлен Маматалиев диний аталыштагы кооперативдердин ишине тыюу салууну сунуштады.

Эл өкүлү Юстиция министрлиги аталышы диний сөздөрдү камтыган мекемелерди уюм катары каттабай коюшу керектигин айтып, антпесе элдин ишенимин пайдаланып алдап кеткендер четтен чыгып жатканын белгиледи.

"Бир кооператив ислам динин жамынып алгандыктан, айылдарда керек болсо молдолор кирип кетиптир. Анан молдону көрүп жөнөкөй жарандар да акча салган. Анын аталышы "Ислам" болчу, ошого карап реалдуу экен деп ишенип алышкан. Азыр бул кооператив элге 256 миллион доллар карыз экен. Дагы бир чоң "бомба" келе жатат. Кооперативдерге кайрыларым, динди жамынып алдабагылачы, силер элди тозокко алып баратасыңар", - деди Маматалиев.






Жогорку Кеңеш 27.09.23

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: