super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Берлинде "ФРГ - Борбор Азия" саммитине катышат

 

Президент Садыр Жапаров Германиянын Федералдык канцлери Олаф Шольцтун чакыруусу менен 2023-жылдын 29-сентябрында Берлин шаарында биринчи жолу өтө турган "ФРГ - Борбор Азия" саммитинин ишине катышат. Бул тууралуу президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.

"Мамлекет башчысы ошондой эле Федералдык канцлер Олаф Шольц менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү өткөрөт, анын жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, анын ичинде экономикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү, экология жана климаттын өзгөрүшү маселелерин талкуулоо пландаштырылууда.

Сапардын алкагында Президент Садыр Жапаровдун Борбор Азия лидерлеринин Германиянын Федералдык Президенти Франк-Вальтер Штайнмайер, ошондой эле "Германия экономикасынын Чыгыш комитети" герман ишкерлер ассоциациясынын мүчөлөрү менен биргелешкен жолугушуусуна катышуусу пландаштырылууда", - деди Муратбек Азымбакиев.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: