super.kg logo

Селекциядагы мурдагы аялынын бетин кескилеген жаран 8 жылга эркинен ажыратылды

 

Бишкектин четиндеги Селекция конушунда мурдагы аялынын кулагын, мурдун кескилеген жаран зордуктоо боюнча күнөөлүү деп табылып, 8 жылга эркинен ажыратылды. Мындай чечимди бүгүн, 27-сентябрда Чүй облустук соту чыгарды.

Буга чейин Жогорку Сот жабырлануучу зордуктоо фактысы боюнча милицияга эки жолу кайрылганын билдирген. Биринчи иш тараптардын жарашуусунан улам токтотулган. Экинчи иш боюнча Сокулук райондук соту айыпталуучуну, башкача айтканда, жабырлануучунун мурдагы күйөөсүн үч жылга шарттуу түрдө эркинен ажыраткан.

Бул чечимге макул болбогон жабырлануучу тарап Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Облустук сот бүгүн арызды карап, зордуктоо фактысы боюнча мурдагы аялынын бетин кескен жаранды 8 жылга эркинен ажыратты.

Белгилей кетүүчү нерсе, Селекциядагы окуя боюнча өзүнчө соттук териштирүү болот. Ал боюнча кылмыш-жаза кодексинин "Ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүүдө. Иш сотко өтө элек.

Эске салсак, 20-сентябрда милиция Чүй облусунун Сокулук районундагы Селекция айылында аялын бычактоого шектелген 39 жаштагы жаранды кармаган. Шектүү аялынын мурдун, кулактарын кесип салган.

Чүй облустук милициясынын маалыматына караганда, бычакталып ооруканага түшкөн аял мурда күйөөсүнө каршы эки жолу арыз жазган.

Сокулук райондук сотунун чечиминин негизинде шектүү 20-ноябрга чейин камакка алынды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: