super.kg logo

Бишкекте жарнама конструкцияларын алуу уланууда

 

Борбор калаада жарнама конструкцияларын алуу уланууда. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгы "Бишкекбашкыархитектура" муниципалдык ишканасынын, Свердлов районунун акимиатынын, №18 МАБдын жана "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери менен биргеликте Будённый, Муса Жалил, Курманжан Датка көчөлөрүндө жана Жибек-Жолу проспектисинде, тагыраагы "Аламүдүн" базарынын айланасында жарнама конструкцияларын алуу иштерин жүргүзүүдө.

Ага ылайык, кызыл сызыктан чыгып кеткен соода объектилеринин 21 чатыры демонтаждалган. Ошондой эле 82 баннер алынды. Мындан тышкары муниципалдык аймакты туура эмес пайдалануу жана уруксат берүүчү документтери жок жарнамалык конструкцияларды орнотуу боюнча 3 протокол түзүлдү.

"Текшерүүлөр шаардын архитектуралык, көркөм-эстетикалык көрүнүшүн жакшыртуу жана мамлекеттик тилдеги тышкы жарнаманын жана маалыматтын тексттерин адабий тилдин нормаларына ылайык келтирүү, тышкы жарнаманы жайгаштырууну тартипке келтирүү максатында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: