super.kg logo

Бишкекте автобус айдоочулары накталай төлөм алганы үчүн жумуштан алынды

 

Бишкекте автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алганы үчүн жумуштан алынды. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, "Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорттук" ишканасында эреже бузган айдоочуларга чара көрүү боюнча комиссиянын жыйыны өттү. Комиссияда жол кире акысын накталай акча менен алган айдоочулардын иши каралды.

Ага ылайык, №6 каттамдын айдоочусу Жумаев Султанбек, №36 каттамдын айдоочусу Керимбаев Макен, №195 каттамдын айдоочусу Мамбетов Дөөтгүл каттамдан алынды.

Белгилей кетсек, буга чейин автобус айдоочулары жол кире акысын накталай акча менен алган болсо, ал айдоочуга катуу чара көрүлөрү эскертилген.

"Урматтуу шаар тургундары!
Жол кире акысын накталай алган айдоочулар тууралуу фото, видео фактыларды ишкананын 0709572707 вотсап номерине жөнөтсөңүздөр болот.

Сиздер айдоочуга берген акча каражаты шаардык бюджетке түшпөй калат. Ошон үчүн жол кире акысын накталай эмес төлөм аркылуу жүргүзүүнү суранабыз", - деп айтылат маалыматта.

Эске сала кетсек накталай эмес төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен төлөөгө болот.

Үч категориядагы Тулпар транспорттук карталары (стандарттык, мектептик, жеңилдетилген);

- Кыргызстандын бардык банктарынын VISA жана ЭЛКАРТ контактсыз карталары;
- виртуалдуу NFC картасы;
- Тулпар жана Balance, Mbank, Megapay ж.б тиркемелер менен QR сканерлөө;
- Тулпар тиркемесинде транспорттук кодду киргизүү менен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: