super.kg logo
  Саясат  

Төрага Шакиев менен депутат Примов мамлекеттик тууну өзгөртүүнү сунуштады (сүрөт)

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев менен депутат Улан Примов мамлекеттик туунун элементтерин өзгөртүүнү сунуштоодо. Мыйзам долбоору бүгүн, 28-сентябрда парламенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

Демилгечилердин айтымында, мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын туусун жакшыртууга багытталган.

"Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын туусунун ортосундагы түндүк менен күндүн нурун көрүүдөгү кабыл алынышында күн караманын гүлү же болбосо боз үйдүн тышкы бети сыяктуу түрдүү интерпретациядагы диллема пайда болгондуктан, туунун чагылдырылышындагы маанинин бир мааниде туюнтулбагандыгын жоюу үчүн чараларды көрүү керек.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын туусундагы күн нурунун толкун сымал формасын күндүн түз чагылдырган нурларынын формасына өзгөртүү сунушталат", - деп жазылат анда.

Байрактагы күндүн нурларынын жаңы эскизин иштеп чыгуу үчүн авторлор бул тууну баштапкы этапта иштеп чыгышканын, ал үчүн иштеп чыгуучулар тартылып, алар математикалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, чиймелерди чийип, коштоочу иштерди жасаганын белгилейт.

Сунушталган редакция






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: