"7 протокол түзүлдү". Бишкекте көмүр соодасын иретке келтирүү иштери жүргүзүүлүдө





Бишкектин айланма жолунда көмүр соодасын иретке келтирүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, кечээ, 26-сентябрда Транспорт министрлигинин, Экономика жана Финансы министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын, Бишкек электр тармактар ишканасынын, Бишкек шаарынын мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниицпалдык инспекциясынын, Свердлов РИИБдин, Бишкек мэриясынын № 21 МАБнын өкүлдөрү менен айланма жолдун айланасын текшерип, көмүр сатууну иретке келтирүү иштери жүргүзүлдү.
Ага ылайык, сатуучуларга карата 7 протокол түзүлдү:
- Муниципалдык администрация жана № 21 МАБ тарабынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 179-берененин 1-бөлүгү жана 434-берене менен жалпы 18 миң сомго 6 протокол түзүлдү;
- Бишкек мэриясынын Көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниицпалдык инспекциясы тарабынан "Укук бузуулар жөнүндө" кодексинин 115-берененин 2-бөлүгү менен 7 миң 500 сомго 1 протокол түзүлдү.
Мындан тышкары, көмүр сатуу менен алектенген жарандарга баанын көтөрүлүшүнө жол бербөө, санитардык нормаларды сактоо жана тегерек-четтин тазалыгы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
