Бишкекте иштеген өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейд жүргүзүлдү





Бишкекте иштеген өспүрүмдөрдү аныктоо максатында рейд жүргүзүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ленин администрациясы Ленин райондук СӨБ, ИИБ, МАБ жана райондук билим берүү башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте ата-энесинин камкордугусуз калган, ички жана тышкы мигранттардын балдарын, аларга карата ырайымсыз мамилелерди жана зомбулукту алдын алуу, коомдук тамак-аш пунктарында, тигүү цехтерде, унаа жууган жерлерде, базарларда иштеген жана кароосуз, көзөмөлсүз, кайыр сураган жашы жете элек өспүрүмдөрдү аныктоо максатында күндүзгү жана түнкү рейддик иш-чаралар жүргүзүлдү.
"Ош базарында" ата-энелерине жардам берген 2 жашы жете элек өспүрүмдөр аныкталды. Алар Ленин районунун аймагында жашашат. Жашы жете электердин ар бир өкүлү жана алардын иш берүүчүлөрү менен балдардын эмгегин колдонуунун алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Ленин районунун аймагында жашаган жашы жете элек өспүрүмдөр Ленин райондук социалдык өнүктүрүү башкармалыгы жана муниципалдык аймактык башкармалыгы тарабынан көзөмөлгө алынды", - деп айтылат маалыматта.
Рейд учурунда эмгектин эң начар түрлөрүнө тартылган балдар аныкталган эмес.



