super.kg logo

 Тоолуу Карабахтын президенти өлкөнү жокко чыгаруу буйругуна кол койду

 

Коомчулук тааныбаган Тоолуу Карабах өлкөсү 2024-жылдын 1-январынынан тарта жокко чыгарылат. Мындай буйрукка аталган өлкөнүн президенти Самвел Шахраманян кол койду.

Армян басылмаларынын маалыматына караганда, мындай чечим акыркы кырдаалдарга байланыштуу кабыл алынган.

Буйрукка ылайык, Тоолуу Карабахтагы бардык мамлекеттик мекемелер жана уюмдар жоюлат. Ал эми Карабахтын калкы жана андан тышкары аймакта жашагандар Азербайжан сунуштаган реинтеграция эрежелери менен таанышкандан кийин аталган аймакта калуу же кайтып келүү чечимин өз алдынча кабыл алууга укуктуу экени айтылды.

Эске салсак, 19-сентябрда Азербайжан Тоолуу Карабахта “конституциялык түзүлүштү калыбына келтирүү” максатында “жергиликтүү антитеррордук чаралар” башталганын жарыялаган.

20-сентябрда Тоолуу Карабах ок атууну токтотуу жана куралдарын таштай турганын билдирип, Азербайжан бийлигин республикада “борбордук” деп эсептей турганын жана Баку менен конструктивдүү диалог курууга ниеттенип жатканын маалымдаган.

21-сентябрда Евлах шаарында Азербайжан бийлиги менен Карабахтагы армян өкүлдөрү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшүп, реинтеграция маселелерин талкуулашкан. Алиевдин өкүлү Элчин Амирбеков Sky News Arabia басылмасына берген маегинде, эки тараптын ортосундагы көйгөйлөр бир жолугушууда эле чечилип калбай турганын билдирсе, Карабахтагы армян өкүлдөрү Баку менен жыйынтыкталган келишим болбогонун жана айрым деталдарды макулдашуу керек экенин маалымдаган.

Бул кырдаалдан натыйжасында Армениянын борборунда 19-сентябрдан бери нааразычылык акциялары уюштурулду. Тургундар премьер-министр Никол Пашиняндын Тоолуу Карабахты Азербайжанга өткөрүп берди деп айыптап, анын кызматтан кетишин талап кылуу менен көчөлөрдү жаап салган.

Кечээ, 27-сентябрда Арменияга Тоолуу Карабахтан 42 миңден ашык адам жер которгону маалым болгон.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: