super.kg logo

Борбор калаада айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси өтөт

 

Бишкекте айыл чарба техникаларынын көргөзмөсү жана азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти.

Маалымдалгандай, "АгроТехЭкспо-2023", "Органик Экспо 2023” республикалык агроөнөр жай көргөзмөсү жана "Алтын күз" азык-түлүк жарманкесин өткөрүү 20-22-октябрга пландалган.

Маалым болгондой, көргөзмөдө айыл чарба техникасынын жана кайра иштетүү өнөр жайынын дүйнөлүк үлгүлөрү, жаңы инновациялык технологиялар, үрөндөрдүн сорттору, жер семирткичтердин түрлөрү, ветеринардык препараттар, өсүмдүктөрдү коргоо каражаттары, агрохимикаттар, энергетикалык каражаттар, асыл тукум жаныбарлардын породалары жана башка айыл чарба товарлары көрсөтүлөт.

Көргөзмөнүн алкагында жарандарга айыл чарба продукциясынын бардык түрлөрүн сатуу үчүн "Алтын-Күз" жарманкеси уюштурулат, анда бардык каалоочулар эт, бал, жашылча-жемиштерди дүң баада сатып ала алышат.

Көргөзмө жана жармаңкеге үч күндүн ичинде республиканын бардык облустарынан 15 миңден ашуун дыйкандын келүүсү күтүлүүдө.

Бул иш-чарага катышуу маселеси боюнча Бишкек ш., Киев көч., 96а, 7-кабат, 712-кабинет, дареги боюнча кайрылыңыздар. Тел. (996-0312) - 664509, 623629, 664481. E-mail: tehinspekzia@mail.ru






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: