super.kg logo

Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды (видео)

 

Токмок шаарынын тургунун коркутуп, 210 миң сомун алуу учурунда Камчыбек Асанбек уулунун (Камчы Көлбаев) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалымдалгандай, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү Токмок шаарынын тургунунан физикалык зомбулук көрсөтөбүз деп коркутуу жолу менен 2500 доллар талап кылышкан.

26-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 210 миң сом акча каражатын алуу учурунда И.Ж. жана В.Ш. кармалган. Алар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда атайын кызмат арабынан башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.






Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрү кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: