super.kg logo

Бишкекте видеокөзөмөл камераларын орнотуу уланууда

 

Борбор калаада видеокөзөмөл камераларын орнотуу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, мындай видеокөзөмөлдөр Бишкектин бардык булуң-бурчуна орнотулат.

Ага ылайык, каражат жергиликтүү бюджеттен Бишкек шаардык кеңештин буйругу менен бөлүнгөн. Ошол эле учурда "Коопсуз шаар" программасынын алкагында Биринчи Май районуна 2 миңден ашык видеокөзөмөл камераларын орнотуу пландалууда.

Алсак, райондо күндүз жана түнкүсүн түстүү видеого тартуу мүмкүнчүлүгү бар 53 даана атайын техника орнотулду.

"Видеокөзөмөл орнотуу үчүн бул жерлер кокусунан тандалып алынган эмес, жакында №13 МАБдын жашоочулары синтетикалык баңги затын күрөөгө койгондорду байкай башташты. Алар күндүзү ачык убакытта жашырып, түн ичинде кардарлары алып кетишкен. Ошондуктан, көчөлөрдүн аттары айтылбайт", - деп айтылат маалыматта.

Аныкталган фактылар катталып, укук коргоо органдарына жөнөтүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: