Билим берүү мекемелерине 1648 ноутбук берилди
Кыргызстандагы билим берүү мекемелерине 1648 ноутбук берилди. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.
Ноутбуктардын жалпы суммасы 50 миллион 19 миң 990 сомду түзгөн. Жалпы 1648 ноутбуктан мектептерге 1153ү берилсе, калган 495и быйыл IT багыты боюнча адистиктерди даярдоого киришкен кесиптик лицейлерге тапшырылган.
Маалым болгондой, ноутбуктар билим берүү уюмдарындагы билим берүү сапатын жакшыртуу жана алардын материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында берилген.
Министрликтен билдиришкендей, 23-сентябрындагы буйрукка ылайык, аталган ноутбуктар жалпы билим берүү мекемелери арасында бөлүштүрүлгөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:15
2025-06-30

18:58
2025-06-30

17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.