Дайынсыз болуп жаткан блогер Бекболот Турдушев Бишкектен табылды
Ысык-Көлдө дайынсыз болуп изделип жаткан блогер Бекболот Турдушев Бишкектен табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мурда маалымдалгандай, 26-сентябрь күнү Каракол ШИИБине арыз менен Түп районунун 58 жаштагы тургуну кайрылып, 25-сентябрь күнү болжол менен саат 15:00 чамасында уулу дос балдарына жолугуп келем деп кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.
Аталган билдирүү, Каракол ШИИБинин маалыматтарды каттоо электрондук журналына катталып, издөө иштери башталган.
Жүргүзүлгөн издөө иштеринин натыйжасында дайынсыз жоголгон бала Бишкек шаарында жүргөндүгү белгилүү болгон. Көрсө, ал достору менен ошол эле күнү Бишкек шаарына чыгып, алар менен жүргөнү белгилүү болду. Баланын ден соолугунда эч кандай коркунуч жок.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан бул фактынын себептери жана жагдайлары аныкталып жатат.



