super.kg logo

"Жол кирени көтөрүп алгандар да бар". "Дордой" базарындагы маршруткаларга рейд жүрдү

 

Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти "Дордой" базарынын аймагындагы коомдук транспортко рейд жүргүздү. Бул тууралуу бүгүн, 28-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, "Дордой" базарынын аймагындагы коомдук транспорттун акыркы пункттарында Транспорт департаментинин мониторинг жана текшерүү бөлүмдөрү тарабынан "ДордойТранс" ЖЧКсы №252 жана №226, "ТрансКомЮнити" ЖЧКсы №230, "Советбригады" №203 жана "ДордойБис" №234-маршруттук каттамдардын тарифтери боюнча каттамдардын пландуу аткарылышын көзөмөлдөө жана уруксатсыз көбөйтүүгө жол бербөө максатында рейд жүргүзүлдү.

Ага ылайык, аталган маршруттук линиялар белгиленген кыймыл интервалдарына жана пландалган чыгууларга туура келбегендиги аныкталган.

Мындан тышкары, №226, №234, №252 жана №230 каттамдар коомдук транспорттун бекитилген шаардык тарифин өзүм билемдик менен жогорулаткан.

"Жыйынтыгында жүк ташуучу компанияларга мыйзам бузуулар кайталанган учурда катаал чаралар көрүлүп, анын ичинде ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча эскертүүлөр берилди.

Аталган каттамдарды тейлөө боюнча келишим "ДордойТранс" жана "ТрансКомЮнити" компаниялары менен бузулуп, эми бул каттамдарды Транспорт департаментине караштуу "БЭК" МИ өзүнүн кыймылдуу курамы менен тейлейт", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: