super.kg logo

Кыргызстан жана Кытай телекөрсөтүү жана радио тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт

 

Кыргызстан жана Кытай телекөрсөтүү жана радио тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Кабарлангандай, министрдин орун басары Чыңгыз Эсенгул уулу Кытайдын Радио уктуруу жана телекөрсөтүү иштери боюнча мамлекеттик башкармалыгынын министринин орун басары Ян Гожуй менен жолукту.

Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун өлкөлөрүнүн 2023-жылдагы Телекөрсөтүү фестивалынын алкагында болуп өттү. Анын жүрүшүндө тараптар телекөрсөтүү жана радио тармагында эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

Тактап айтканда, Чыңгыз Эсенгул уулу масс-медиа жаатында семинарларды, конференцияларды өткөрүү жана кесиптик тажрыйба алмашуу аркылуу эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даярдыгын айтты.

Өз кезегинде, кытай тарап телерадиоберүү тармагында мындан аркы өнүгүүгө жетишүү үчүн тыгыз кызматташууга умтуларын билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар Шанхай кызматташтык уюмунун жана эки тараптуу мамилелердин алкагында өз ара кызматташууну мындан ары бекемдөөгө жана өнүктүрүүгө даяр экендигин билдиришти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: