super.kg logo

Ташкентте кампадагы жарылуу: 600дөн ашык батир зыянга учурады

 

Ташкенттеги кампада болгон жарылуудан 600дөй батирдин айнектери талкаланды. Бул тууралуу Ташкенттин акиминин милдетин аткаруучу Шавкат Умурзаков билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Умурзаковдун айтымында, 26 көп кабаттуу имараттагы 592 батирдин жана 8 соода түйүнүнүн, 1 мектеп жана 2 бала бакчанын фасады, терезелери талкаланган. Ошондой эле 24 көп кабаттуу үйдүн жана 25 жеке имараттын чатыры зыянга учураган.

Учурда бул боюнча өкмөттүк комиссия түзүлгөнү кабарланды.

Эске салсак, 24-сентябрга караган түнү Ташкентте аэропортко жакын жердеги өнөр жай кампаларынын биринде катуу жарылуу болгон. Жарылуудан кийин 10 миң чарчы метр аянтта өрт чыккан. Өрт 8 сааттан кийин чектөөгө алынган.

Кырсыктан 2006-жылы туулган бир өспүрүм каза болгон. Жалпы 163 адам жабыркап, алардын 24ү ооруканага жаткырылган.

Ташкент бийлиги жарылуудан жана өрттөн жабыркаган үйлөрдүн жашоочуларына компенсация төлөй турганын билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: