super.kg logo

"Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

 

"Балыкчы-Кочкор" темир жолунун курулуш иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда "Кыргыз темир жолу" ишканасы маалымдады.

Маалыматка караганда, 2022-жылы пландалган 5 чакырым темир жол толугу менен курулуп бүткөн. Жумуштар толугу менен "Кыргыз темир жолу" ишканасынын өздүк каражатынын эсебинен аткарылган.

Ага ылайык, ушул жылга 15 чакырым курулушу пландалып, анын ичинен 11 километр төмөнкү курулуш жол даярдалып бүттү. Калган 4 чакырымында иштер уланууда жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүлөт. Мындан тышкары даярдалган жолдо темир-бетон шпалдарын, рельстерди төшөө иштери жүргүзүлүүдө.

Курулуш иштерине жалпысынан ишканадан 85 жумушчу жана 26 атайын техника тартылган.

Белгилей кетсек, 2022-жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече" темир жолунун курулушунун башталышына старт берген. "Балыкчы-Кочкор-Кара-Кече" (186 чакырым) долбоорун ишке ашыруунун биринчи этабы - узундугу 63 чакырым болгон "Балыкчы-Кочкор" темир жолунун участогун куруу саналат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: