super.kg logo

Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин жыйыны өтүп жатат

 

Бүгүн, 29-сентябрда Бишкек шаарында КМШга мүчө-мамлекеттердин өнөр жай саясаты боюнча кеңешинин тогузунчу отуруму өтүүдө. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйынга кеңештин мүчөлөрү жана Беларусь, Казакстан, Орусия, Тажикстан, Өзбекстан, КМШнын Аткаруу комитетинин, илимий жана билим берүү уюмдарынын жана шериктештикке кирген мамлекеттердин бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү катышууда.

Кеңештин жыйындары КМШга мүчө-мамлекеттердин министрликтеринин, ведомстволорунун жана адистештирилген уюмдарынын жетекчилеринин жана эксперттеринин өнөр жай саясаты чөйрөсүндөгү маселелерди жана милдеттерди коллегиалдуу талкуулоо, экономиканын түрдүү тармактарын өнүктүрүү боюнча макулдашылган маанилүү чечимдерди кабыл алуу үчүн маанилүү аянтча болуп саналат.

Жыйында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев сөз сүйлөп, Кыргызстан КМШга төрагалык кылган өлкө катары быйыл ар кыл тармактарда өз ара аракеттенүүнү бекемдөөгө багытталган түрдүү иш-чараларды уюштуруп өткөрүп жатканын белгиледи.

Быйыл КМШ органдарына Кыргызстан төрагалык кылууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: