Депутат Кыдыкбаев Айыл чарба министрлигин жоюп салыш керектигин айтты (видео)
Бүгүн, 29-сентябрда парламенттин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында депутат Жаныбек Кыдыкбаев Айыл чарба министрлигин жоюп салыш керек деген пикирин айтты.
Ал айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековго, "Сиздин министрликтин мамлекетке кереги барбы? Мен реорганизация кылып, силерди жойсо деген ойдомун”, - деди.
“Демилгелеңиз да. Демилгелеп кереги жок деп коюңуз. Бул жылдан жылга эле көтөрүлө берет. Бирок 11 миң кишиден турган министрликтин жумушун кичине анализдеп көрүңүз да. Сиз өзүңүз деле айылда төрөлүп, чоңойгон жигитсиз, анан кичине карап көрсөңөр”, - деди Жаныбеков.
Жогорку Кеңеш 29.09.23.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

