super.kg logo
  Саясат  

Быйыл малга тоют жетиштүүбү? Айыл чарба министри жооп берди 

 

Бүгүн, 29-сентябрда парламенттин "Ата Журт Кыргызстан" фракциясы менен "Мекенчил" депутаттык тобунун биргелешкен жыйынында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков быйыл малга тоют жетиштүү экенин билдирди.

Министрдин айтымында, бүгүнкү күндө 3 миллион 24 миң тонна кесек тоют даярдалган.

"Бизде 329 миң гектар жерде көп жылдык чөп өсөт. Анын ичинен 130 миң гектардан ашыгы Чүй облусунда өсөт. Быйыл Чүй облусунда суунун тартыштыгынан улам тоют аз жыйналып калды. Себеби сууну адегенде кант кызылчасына, жүгөрүгө, малина менен кулпунайга, анан чөпкө бердик. Ошол себептүү быйыл тоют азыраак болду. Бирок чыктуу тоюттар жылдагыдан көп топтолду”, - деди Жаныбеков.

Ошондой эле ал концентрат, башкача айтканда арпа, буудай, жүгөрүнүн малдын тоютуна пайдалана турганы көп экенин кошумчалады. Жаныбеков анын көлөмү 714 миң тонна экенин жана өлкөнүн ички керектөөсүнө жете турганын билдирди.

Министр тоюттардагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн сентябрда токтом кабыл алынганын маалымдады. Ага ылайык, Кыргызстандан өндүрүлгөн бардык тоюттун түрлөрүн экспорттоого тыюу салынат жана чет жактан келген тоюттарга жеңилдиктер киргизилет.

Жаныбековдун билдирүүсүнө ылайык, өлкө аймагында 1 миллион 750 миң 467 бодо, 6 миллион 278 миң кой жана 547 миң баш жылкы бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: