super.kg logo

"Толук даяр". Акылбек Жапаров Бишкек ЖЭБиндеги көмүрдүн запасын көрдү (фото) 

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров борбор калаанын Жылуулук электр борборунун (ЖЭБ) 2023-2024-жылдардын күз-кыш мезгилдерине карата даярдыгын текшерди. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Таанышуу учурунда ал көмүр кампасына жана металл сыныктары топтолгон жерге барып, Энергетика министрлигинин жетекчилигине бир катар тапшырмаларды берди.

Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдиргендей, учурда “Металлпром” мамлекеттик ишканасы менен түзүлгөн келишимдин негизинде топтолгон металл сыныктарынын бир бөлүгү борбордогу ЖЭБдин аймагынан чыгарылды, калган бөлүгүн жакынкы аралыкта чыгаруу пландалууда.

Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилине даярдык көрүү боюнча иш-чаралардын планынын алкагында аткарылып жаткан иштерди толугу менен жана бекитилген мөөнөттө аткарууну көзөмөлгө алууну тапшырды.

Ал белгилегендей, көмүрдүн белгиленген көлөмүн камсыз кылуу жана кышкысын маселе жаралуусу мүмкүн болгон жайларда техниканын даярдыгын текшерүү зарыл.

Өз кезегинде Энергетика министри Жапаровго быйыл күз-кыш мезгилдеринен чыгуу үчүн 1200 миң тонна көмүр керектелерин, үстүбүздөгү жылдын 28-сентябрына карата ЖЭБдин кампасында 310 миң тонна көмүр бар экенин, ал өткөн жылга салыштырмалуу 110 миң тонна көмүргө көп экендигин маалымдады.

Ал ошондой эле борбор калаанын ЖЭБи жылытуу мезгилине толук даяр экенин ырастап, “бардык иштер бекитилген график боюнча жүрүп жатканын” белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: