super.kg logo

Ошто опузалап акча талап кылган милиция кызматкери кармалды (видео)

 

Ошто милиция кызматкерлери тургундан 400 миң сом акча каражатын опузалап талап кылууга шектелип жатат. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Ош ШИИБдин төрт ыкчам кызматкери милициянын капитаны Т.Б.Н., милициянын майору И.И.И., капитан Э.С.Э. жана майор Ж.у.Н. зордуктоо фактысы боюнча кылмыш ишин козгойбуз деп коркутуп, Ош облусунун тургунунан 400 миң сом өлчөмүндө акча талап кылышкан.

Ага ылайык, ушул жылдын 25-сентябрында 100 миң сом алып жаткан жеринен ортомчу кармалып, андан соң Ош ШИИБдин опер кызматкери, милициянын майору Ж.у.Н. кармалды. Көрүлгөн чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган милиция кызматкерлеринин кылмышка катышуусунун бар экендиги аныкталды.

Учурда кармалган Ж.у.Н.га карата эки айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө абагына камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалган.

"Ал эми бул кылмышка тиешеси бар жогоруда аталган дагы үч кызматкер учурда тергөөдөн жашырынып жүргөндүктөн 28-сентябрда соттун чечими менен аларга карата сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып, алар издөөгө алынды", - деп айтылат маалыматта.






Ошто опузалап акча талап кылган милиция кызматкерлери кармалды

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: