Бишкектин айрым жеринде газ өчүрүлөт
"Бишкек газ" шаардык газ кызматы 2-октябрдан 4-октябрга чейин жылытуу мезгилине даярдык көрүүгө байланыштуу пландык-оңдоо иштери жүргүзүлөрүн маалымдайт. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда "Бишкек газ" кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, №16 газды жөнгө салуу пунктунда (ШГРП № 16) жабдууларды алмаштырууга байланыштуу Фрунзе көчөсү, Суюмбаев көчөсү, Ибраимов көчөсү, Огомбаев көчөсү боюнча жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт.
"Бишкек газ" түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын альтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт", - деп кабарланат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
17:31
2025-06-30

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.