super.kg logo

Өлкөдө наабайчылар кыргыз унунан нан жаап башташты

 

Кыргызстанда наабайчылар жергиликтүү ундан нан жаап баштады. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 1-сорттогу “Тулпар” унунан тандыр наны жабылып, сатыкка чыгара башташты.

Анда, наабайчылар сапаты жагынан импорттук ундардан кем калышпаган, камырдын ийкемдүүлүгү мыкты экендигин айтышты.

Ага ылайык, аталган кызматтын адистеринин демилгеси менен, атайын эксперт жүргүзүлүп, Ош облусундагы наабайканалардын биринде жергиликтүү ундун 1-сортунан тандыр наны чыгарылган.

Мындан тышкары маалыматта Кыргызстандын уну импорттук ундарга салыштырмалуу, кубаттуулугу жана курамы бир топ минерал заттар менен байытылгандыгы айтылды.

"Кыргызстан Ун комбинаттары ассоциациясынын жетекчиси Рустам Жунушев кыргыз унунун курамында, темир, фолий кычкылдыгы сыяктуу бир нече табигый пайдалуу минералдар бар экенин билдирди. Кыргыз уну атайын лабораториялардан өткөрүлүп турат",- деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: