super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен жолугушту (фото)

 

Бүгүн, 29-сентябрда президент Садыр Жапаров Берлин шаарында Борбор Азия мамлекет башчыларынын Германиянын Федералдык президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен болгон жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чара эртең мененки тамак форматында өтүп, ага Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлери катышты. Жолугушуунун алдында Жапаров Ардактуу коноктор китебине жазуу калтырды.

Жыйында Садыр Жапаров Германиянын Борбор Азия менен ар тараптуу кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыгуусу артып жатканын айгинелээрин белгиледи.

Мен германиялык тарапка көрсөткөн жылуу меймандостугу жана өз ара аракеттенүүнүн жаңы аймактык форматын түзгөндүгү үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирем. Германия дайыма Борбор Азия менен диалогду активдештирүүнүн демилгечиси болуп келген. Сиздердин өлкө биздин аймактын жаш мамлекеттеринин көз карандысыздыгын биринчилерден болуп тааныган. 2007-жылы Германиянын демилгеси менен Европа Биримдигинин Борбор Азия боюнча биринчи стратегиясы кабыл алынган, ал биздин мындан аркы аймактар аралык кызматташуубузга негиз болгон. Бүгүнкү күндө биз стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине жетип жатабыз. Биз бул демилгени учур талабы деп эсептейбиз”, - деди өлкө башчы.

Президент глобалдык геосаясий өзгөрүүлөрдүн фонунда эл аралык коомчулуктун өлкөнүн регионуна болгон кызыгуусу кыйла өскөнүнө көңүл буруп, Кыргызстан менен Германиянын кызматташтыгы соңку жылдарда активдешкенин баса белгиледи. Ошондой эле немис ишкерлеринин өлкөнүн экономикасында активдүү катыша турганына ишенерин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: