super.kg logo

Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды

 

Мамлекеттик нотариус пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Кабарлангандай, УКМК тарабынан турмуштун бардык чөйрөлөрүндө коррупцияны азайтуу боюнча иш жүргүзүлүүдө, анын алкагында Юстиция министрлигинин Контролдук-инспектордук иш башкармасы менен биргеликте мамлекеттик нотариус Ж.М. тарабынан жеке баюу максатында уюштурулган мыйзамсыз кирешелерди алуу механизми аныкталып, ага бөгөт коюлду.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө ал Ж.А. аттуу жаран менен алдын ала бүтүмгө кирип, нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн жарандардан кошумча маалымдама жана башка документтер суратылып, аларды аткаруу ар кандай шылтоолор менен создурулган шарттар түзүлгөнү тастыкталды.

Алар бүгүн, 29-сентябрда өздөрүнүн кылмыштуу пландарын ишке ашыруу максатында жаранга керээз боюнча мурастоо күбөлүгүн берүүнү создуктуруп, андан 10 миң сом талап кылышкан. Ошол эле күнү Ж.М.. жана Ж.А. опузалап акча алып жаткан жеринен кармалды.

Учурда бул адамдардын кылмыштуу ишмердүүлүгүнүн башка фактыларын жана жабырлануучуларды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

УКМК нотариустардын аракеттери тиешелүү ченемдик укуктук актыларда белгиленген жол-жоболордун чегинен чыкпоого жана кошумча документтерди талап кылбоого тийиш экенин белгилейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: