super.kg logo

"Ным жыттанат". Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаарындагы тергөө абагына барды (фото)

 

Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева Ош шаарындагы 5-тергөө абагына барды. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Акыйкатчы Институтунан билдиришти.

Маалым болгондой, Акыйкатчы аталган абактын жетекчилигинин коштоосунда жабык мекемеде кармалгандардын кармоо шарттары менен таанышты. Анда 500 орундуу абакта 367 адамдын кармалып турганы белгилүү болду. Ал эми өмүр бою эркинен ажыратылгандар кармалган блокто эч ким болгон эмес. Жалпысынан абакта кармалгандар кармоо шарттарына даттанышкан жок. Бирок сотто алардын укуктарын коргоону өтүнүшкөн.

Камераларды тандап карап чыккан учурда, алардын биринде 4 адамга эсептелсе да, 8 киши камалып жатканы аныкталды. Акыйкатчыга мекеменин бардык блокторун көрсөтүштү. Баардык камералар ным жыттанат, 5-тергөө абагынын имараты абдан эле эскилиги жетип калган. Камераларды карап чыгышкандан кийин Акыйкатчы жана аталган абактын жетекчилиги бул көйгөйдү талкуулашты.

Белгилүү болгондой, 5-тергөө абагынын имараты эски, ал 1890-жылдарда курулган, бул жерде Алымбек датканын уулу Камчыбек камалган”,-деп айтышты Акыйкатчыга мекеменин кызматкерлери.

“5-абакта кармалгандардын кармоо шарттары тиешелүү талаптарга жооп бербейт. Бул адам укуктарын бузуу болуп саналат. Мен 5-тергөө абагынын шаардын четине салына турган жаңы имаратынын курулушу боюнча ишти тездетүүнү абдан сунуштайм”,-деди Акыйкатчы.

Расмий органдардын берген маалыматына таянсак, бул жабык мекеме шаардын четине көчүрүшү зарыл болгон объектилердин тизмесине кирген. Азыркы учурда жаңы тергөө изолятору курула турган жерди тандоо маселеси каралып жатат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: