super.kg logo

Бишкекте тазалык тартибин бузгандарга протоколдор түзүлдү

 

Бишкек мэриясынын көрктөндүрүүнү контролдоо боюнча муниципалдык инспекциясынын инспекторлору таңкы саат 06:00дөн баштап шаар аймагында таштандылар топтолгон айрым пункттарда рейддерди жүргүзүштү. Бул тууралуу бүгүн, 29-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалым болгондой, текшерүү учурунда белгиленбеген жерлерге турмуш-тиричилик таштандыларын таштоо жана өз аймагынын тазалык талаптарын аткарбагандыктан "Укук бузуулар жөнүндө" кодекстин талаптарына ылайык 10 чарба субьектилерине жана 2 жаранга протоколдор түзүлдү.

"Урматтуу шаар тургундары! Инспекция сиздерди тиричилик жана башка таштандыларды таштанды челектерине таштоого, өспүрүмдөргө экологиялык жактан үлгү көрсөтүүгө жана шаарыбызга кам көрүүгө чакырат.

Көрктөндүрүү эрежелери бузулган учурда инспекция күнөөсүн моюнуна алган, албаганына карабастан протоколдор түзүлөрүн эскертет", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: