super.kg logo

3-октябрда Кыргызстандагы шаарларда сиреналар жаңырат

 
3-октябрь күнү, саат 10-11:00гө чейинки аралыкта Бишкек, Ош шаарында жана облус, райондун борборлорунда 5 мүнөткө чейин сиреналар катуу жаңырып, машыгуу өтөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
"Андыктан жарандарды сиренанын үнүн укканда дүрбөлөнгө түшпөөгө чакырабыз. Бул машыгуу!
Машыгуунун максаты - өзгөчө кырдаалдар катталган учурда жарандардын өзүн алып жүрүү, адам өмүрүн сактоо, материалдык чыгымдарды азайтуу максатын көздөйт жана “5-октябрь – Кыргызстанда кырсыктардын тобокелдигин азайтуу күнүнө” карата уюштурулат", - деп билдиришти ӨКМдан.
Аталган иш-чарага республикадагы бардык мамлекеттик ведомствалары, билим берүү мекемелери менчигинин түрүнө карабастан мекеме ишканалардын катышуусу мерчемделген.
"Буга байланыштуу жалпыга маалымдоо каражаттарын өтө турган машыгуу тууралуу коомчулукка туура маалыматты жеткирүүгө жана жарандарды так эмес маалыматтарга ишенбөөгө, дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырабыз", - деп кошумчалашты министрликтен.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: