Окумуштуулар адамзаттын толук жок боло турган күнүн айтты
Улуу Британиянын Бристол университетинин окумуштуулар тобу адамзатынын качан толугу менен жок болушу мүмкүн экенин аныктоо үчүн изилдөө жүргүзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Окумуштуулар адамзаттын толук жок боло турган датаны аташып, бардык сүт эмүүчүлөр, анын ичинде адамдар да 250 миллион жылдан кийин жок болуп кетиши мүмкүн экенин белгилешти.
Алардын айтымында 250 миллион жылдан кийин бардык континенттер бир суперконтинентке биригет. Анын формасы тууралуу божомолдор ар кандай, бирок илимпоздор континенттер ысык, кургак жана дээрлик жашоого жараксыз болот деген пикирде.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
23:28
2025-06-26
21:06
2025-06-26
18:27
2025-06-26

15:19
2025-06-26

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.